• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте ишкерди коркутуп, акча талап кылган жалган милиционер кармалды

30 Үчтүн айы 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, ишкерден акча каражатын талап кылган жалган милиция кызматкери Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну, жеке ишкер 43 жаштагы А.А. арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү белгисиз жаран чалып, ага карата компроматтык материалдар бар экендигин айтып коркутуп, 300 миң сом акча каражатын талап кылган жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, тергөө иши башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө шектүү талап кылып жаткан акча каражатын Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына алып келүүсүн айткан.

Жогорудагылардын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматына «Чынгыз» аттуу милиция кызматкери талап кылып жаткан акча каражатын алуу учурунда аны кармоого көмөктөшүү жөнүндө атайын тергөө тапшырмасы берилген.

«28-январда саат 01:00 чамасында Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Кызыл-Кыя шаардык милициясынын ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде айтылган жерде жабырлануучудан 230 миң сом акча алып жаткан жеринен шектүү кармалып, алган акчасы далил зат катары алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүү жарандын өздүгү такталып, ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 30 жаштагы Т.Ч. экендиги аныкталган. Ал атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 1067