• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкекте эл ташыган унаа оодарылып кетти

18 Бештин айы 20188:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.12.2018.Govori.TV

17-декабрда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус оодарылып кетти.  Алгач №166 кичи автобус менен «Мазда» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, жеңил унаа менен сүзүшкөндөн кийин оодарылган кичи автобустун ичиндеги жүргүнчүлөр — өспүрүм кыз менен аял киши жаракат алды. Алар ооруканага жеткирилген.


Унаалар айып аянтчага токтотулуп, тактоо, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 15