• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте көчөлөр маал-маалы менен жабылат

6 Бештин айы 2022 12:14 Бишкек Govori.TV

8-9-10-декабрь күндөрү Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүүдө көчөлөргө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен тартып, Мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин

Количество просмотров: 112