• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте көчөлөрдү жааган кардан тазалоо иштери жүрүүдө

4 Жетинин айы 202110:46 Бишкек Govori.TV

4-ноябрга караган түндө жааган кардан борбор калаанын көчөлөрүн тазалоо үчүн «Тазалык» ишканасынын 37 машинасы иштеп жатат. Анын ичинен 28и кар тазалоочу атайын техника, алардан тышкары жолго кум-туз чачуучу тракторлор иштөөдө. Таң атканча жалпы 354 тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

«Тазалык» жана «Бишкекзеленхоз» ишканаларынын 657 кызматкери көчөлөрдү кардан тазалоого тартылган.

Буга чейин, синоптиктер 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктап, натыйжада кар жаашы күтүлүп жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 109