• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте көмүрдүн баасы кымбаттады

18 Тогуздун айы 2018 17:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV
 Күтүүсүз жааган кар, шаар тургундарын түйшүккө салды. Кээ бир түтүн кышка отун-суу камдаганы менен көпчүлүк эл кышка али даяр эмес болчу. Сууктун түшкөнүнө байланыштуу «кара алтын» саткан базарларда соода кызып, көмүр алууга келген кардарлардын аягы суюлган жок.
Биз «Эски толчок» базарына барып «кара алтындын» баасына жана кара жумушта, ак эмгек менен эмгектенип жаткан жарандардын жашоосуна кызыктык. Көмүрдүн бир кабы 160 сомдон, 170 сомго чейин сатылып жатса бир кап отундун баасы 150 сомдон экенине күбө болдук.
Ал эми көмүрдүн бир тоннасын 3600 сомдон баштап, 3700 сомго чейин сатып алууга болот. Сатуучулар көмүрдүн келген баасы кымбат болуп, эмгектери акталбай жатканын айтышат.
Анткен менен көмүрдү жер түбүнөн казып, алып келүү дагы чоң түйшүктү жаратат дешет алар. Канча сомдон келээрин сураганыбызда көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон, 3300 сомго чейин алышаарын жашырышкан жок.

 

Количество просмотров: 52