• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланды

1 Кулжа 2021 10:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 12-майындагы №150 жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов санитардык нормаларды сактоо менен, көп балалуу энелерди куттуктап, “Баатыр эне” орденин тапшырды.

«Калаа башчысынын милдетин аткаруучу “Баатыр энелерге” чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо каалады», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан 27 энеге «Баатыр эне» ордени тапшырылган. Бишкек шаарында 792 көп балалуу энелер каттоодо турат, алардын 539у “Баатыр эне” ордени менен 253ү “Эне даңкы” медалы менен сыйланышкан.

Количество просмотров: 272