• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп, 3 жаран куткарылды

14 Аяк оона 202217:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин районуна караштуу, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 14:46да толук өчүрүлгөн.

«Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды. Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды. Жалпы 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 100