• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты

23 Чын куран 202014:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 4-кичи райондогу Койбагаров көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу окуяга күбөлөр тарткан видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, кырсыкта бир адам жабыркагандыгы айтылууда. «Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана милиция кызматкерлери бар», — деди күбө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, билдирүү саат 13:13 чамасында түшкөн. Учурда бир өрт өчүрүү бригадасы иштөөдө. Өрт 4-кабатта №14 үйдүн батиринен чыккан.

Количество просмотров: 315