• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү 

19 Үчтүн айы 202515:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Н.Исанов көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн экинчи кабатынан чыккан өрт саат 12:27де толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 11:22ден тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Көп кабаттуу турак үйдөн 55-60га жакын адам эвакуацияланган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок, учурда тилсиз жоонун аянты жана кырсыктын себептери такталууда.

Количество просмотров: 173