• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 10 адам эвакуацияланды

9 Баш оона 202418:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-августта Бишкектин Октябрь районунун 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында электр калканынан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жерине 1 күжүрмөн эсеп тартылып, ыкчам түрдө куткаруучулар үйдүн үстүнкү кабаттарынан 10 кишини эвакуациялашкан. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Өрт саат 16:29да толук өчүрүлгөн. Мындан сырткары, жерине тез жардам жана РЭТ кызматы тартылган.

Количество просмотров: 267