• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

24 Бештин айы 202110:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Асанбай кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 06:28де кошумча 1 бөлүм жана автошаты тартылган.

«Тилсиз жоо саат 07:07де чектөөгө алынып, 07:58де толук өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 209