• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Бишкекте кайрадан мэр алмашты. Мэрдин милдетин Бакетаев аткарат

7 Тогуздун айы 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Координациялык кеңеш кабыл алган. Алмаз Бакетаев аны менен макул болгон.

Эске салсак, 6-октябрь күнү эртең менен Коеналиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Чечимди шаардагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн Координациялык кеңеш кабыл алган.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жумуштан кетүүгө арыз жазган.

Количество просмотров: 268