• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте кайрадан митинг (сүрөт)

7 Баш оона 2020 12:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-августта борбор калаадагы “Караван” соода борборунун сатуучулары Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Митингдин катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Алар жумуш орундарын сактап, өлкөдө коронавирустун жайылышы учурунда ижара акысын токтотууну талап кылышты.

«10 күндүн ичинде орундарыбызды бошотуп, июнь-июль айлары үчүн ижара акысын төлөө талап кылынууда. Бирок биз карантин учурунда дагы бардык төлөмдөрдү төлөп жатабыз. Кырдаалга байланыштуу төлөөдөн бошотулушубуз керек да» ,-деди нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири.

Нааразычылыкка чыккандар президенттен адилеттүү чечим чыгарууну суранышууда.

Эске салсак, аталган соода борбордун ижарачылары буга чейин дагы нааразыяылык акциясына чыгышкан.

Количество просмотров: 136