Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө КамАЗ, “Хонда Фит” жана №106 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 16-майда саат 16:20 чамасында болгон. Анда 5 адам жабыркап, бир бала оор абалда ооруканага жетирилген.
Учурда жеринде тиешелүү иштер жүрүп жатат.