• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте кампадан өрт чыкты

5 Бугу 202517:33 Бишкек Govori.TV

Алдын ала маалымат боюнча Бишкектеги кампалардын биринен чыккан өрт саат 15:19да чектөөгө алынган.киы

Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:24тө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 , жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Теги:
Количество просмотров: 487