• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте Канжар Кадыралиев боюнча сот жараяны болот

17 Үчтүн айы 2019 10:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 17-январда Бишкектин Октябрь райондук соту Ош прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиев боюнча доо арызды карайт.

Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев билдиргендей, буга чейин создугуп келген ишти сотто кароо бүгүнкүгө белгиленген.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Бирок сот азыркыга чейин чечим чыгара элек.

Кийинчерээк Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошев Канжар Кадыралиевди «мүлкүмдү тартып алды» деп сотко берген.

Жабырлануучу тараптар сот чечиминин создугуп жатышына нааразылык билдирип келишет.

Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 8