Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштери түнкүсүн да уланат.
«Кайгуул милициясы Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барышууда»,-деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милициясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрө тургандыгы кошумчаланды.