• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды

23 Үчтүн айы 2021 10:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-январда болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек ШИИББнын»102″ кызматына Ибраимов жана Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинен коркутуу жолу менен чөнтөк телефонумду алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 22:30 чамасында белгисиз үч жаран арыз ээсин бычак менен коркутуп, «Самсунг А-7» үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.У, 2003-жылы туулган М.Т. жана 2005-жылы туулган Т.А. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 266