• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кармалган француз жаранынын соту 18-мартта башталат

16 Жалган куран 202117:50 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелип кармалган La Maison ресторанынын кожоюну Филипп Лаффоргдун сот иши 18-мартта башталат. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Кыйноолорго каршы республикалык борбор билдиргендей, Филипп Лаффорг — Франциянын жараны. Ал Бишкекте 2020-жылдын 28-декабрында Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык) менен шектелип кармалган.

Учурда №1 тергөө абагында кармалууда.

Количество просмотров: 123