• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эксперт Аскат Жетиген бийликти басып алууга чакырганын айтты

20 Аяк оона 202411:04 Бишкек Govori.TV

19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда акын жана ырчы Аскат Жетигендин соттук отуруму уланды. Соттун жүрүшүндө эксперттер көрсөтмө беришти.

Улуттук илимдер академиясынын эксперти Нурлан Сакбаев Аскат Жетигендин видео кайрылуусунда бийлик ээлерин шылдыңдап, мазактап, массалык башаламандыкка чакырып, бийликти басып алууга чакырганын билдирди.

Аскат Жетигенге карата эки кылмыш иши козголгон. Свердлов райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-берененин үчүнчү бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Акын өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экендигин айтып келе жатат. Жарандык коомдун өкүлдөрү да Аскат Жетигендин камалышын туура эмес деп айтып келишет.

Количество просмотров: 198