• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулованын соту жылды

4 Кулжа 202514:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши кароо боюнча соттук отурум болду. Бүгүнкү отурумда Мамыркулованын соцтармактагы билдирүүлөрү тууралуу эксперт көрсөтмө берди.

Кийинки отурум 17-июнга белгиленди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып койгон.

Количество просмотров: 243