Бишкектеги бүгүнкү катуу шамалда шаардын бир нече көчөлөрүндө дарактар кулады. Бул тууралуу Reporter.kg жазды.
Маалыматка ылайык, Москва жана Фучик көчөсүндө жана Эркиндик сейил багында дарак унаанын үстүнө түшкөн.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал боло тургандыгын эскерткен.