• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте казак элинин акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды

26 Бугу 2022 22:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкели тургузулду.

Анын ачылышына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.

Жапаров анда сөз сүйлөп, бул күнгө өзгөчө толкундануу, ата-бабалардан бери келаткан бир туугандык жылуу сезим менен даярдык көрүлгөнүн айтты.

«Бүгүн кыргыз-казак эли үчүн өтө маанилүү күн. Биз бул күнгө  өзгөчө толкундануу, ата-бабалардан бери келаткан бир туугандык жылуу сезим менен даярдык көрдүк.

Биз казак элинин улуу акыны, философ, гуманист, көркөм сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелинин ачылыш аземине чогулуп олтурабыз.

Баарыңыздарды сөз касиетин даңаза кылган улуу акындын Бишкек шаарындагы айкелинин ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Улуу ойчулдун эстелигинин ачылышы эки өлкө, эки бир тууган эл үчүн маанилүү болгон, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгон жылда болуп жатканы — ары символикалуу көрүнүш.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевичке жана эки элдин эзелтен бери келаткан ынтымагын мындан ары да чыңдай турган иш-чарага катышкан бардык адамдарга чоң ыразычылык билдирем.

Бул айкелдин кыргыз жергесинде тургузулушу Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да Абай Кунанбай уулунун улуу жолуна, чыгармачылыгына, сөз касиетине өзгөчө урмат менен мамиле жасаларын айгинелейт. Айкөл Манас менен Көкчөдөй баатырларды, Токтогул менен Абайдай акындарды, Чыңгыз менен Мухтардай улуу жазуучуларды жараткан асыл эл экенибизди дагы бир жолу даңазалайт.

Абай Кунанбай уулунун өмүрү жана чыгармачылык жолу, кылымдардан бери ооздон түшпөй келаткан накыл кептери тууралуу окумуштуулар, илимий кызматкерлер эле эмес, төкмөлөрүбүз менен жазуучуларыбыз дагы көп эскерип, таамай-таасын көптөгөн эмгектерди калтырышкан.

Эзелтеден бери жайласа жайлоосу, кыштаса кыштоосу бир болгон эки элдин — Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык, достук байланыштар ажырагыс экенин карт тарых далилдеп турат, демек, мындан башкача болушу да мүмкүн эмес. Себеби мунун артында дүйнөдө жок, эки элге гана тийиштүү болгон дүйнө тааным, бай маданият, эч ким бөлө алгыс руханий алака-катыш жана чырмалышкан адам тагдырлары менен тарыхы бир элдер турат.

Кыргыз-казак ар дайым бири-бири үчүн тирек, бири-бири үчүн жөлөк болуп, тарыхтын бардык бурулуштарында бири-бирин колдоп келген, мындан ары да ошол боордоштук мамилени сактай билген ишенимдүү союздаштар бойдон кала беришерин бөркүмдөй көрөм.

Урматтуу Касым-Жоомарт Кемелевич,

2020-жылы казак элинин классиги Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата анын адабий мурасын кеңири жайылтуу максатында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Абай атындагы маданий борбор ачылгандыгын эске сала кетейин.

Кыргызстан менен Казакстан элинин жакындашуусунда гуманитардык байланыштардын ээлеген орду өзгөчө.

Боордош эки элдин жалпы руханий мурасын сактоону милдет деп эсептейм.

Биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элбиз. Биздин тышкы саясатыбызда Казакстан Республикасы артыкчылыктуу орунду ээлейт жана ага ѳзгѳчѳ маани берилерин баса белгилейм.

Байыртадан калыптанган бекем достукка жана бир туугандыкка негизделген союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк кызматташууну чыңдоо — биздин башкы максатыбыз!

Азыркы учурдагы кыргыз-казак мамилелери мындан ары да бекемделип, эки өлкө элинин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем.

Ардактуу замандаштар!

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, дагы бир жолу эки элге тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубат турмуш каалайм. Бүгүнкүдөй жакшы  саамалыктар менен мыкты жөрөлгөлөрдү ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болот».

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго эстеликти тургузууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кадам эки элдин бир туугандыгын бекемдей турганын кошумчалады.

Казакстандын Президенти акындын «Кыргыз менен казактын бир тукумдан экенин эч ким талашпайт» деп айтканын мисал келтирди. 

Ал белгилегендей, жакынкы арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотулат.

Касым-Жомарт Токаев эки элдин ортосундагы бир туугандык жана достук эч качан бузулбасына ишенерин билдирди.

Количество просмотров: 188