16-17-ноябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.
Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Россия Федерациясынан, Тажикстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан жана Түркмөнстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.