Бишкекте коменданттык саатты бузган 61 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 52си эркек, 9у аял киши.
«Алардын баарына протокол толтурулуп, түшүндрүү иштеринен кийин алар кое берилген», — деди комендант.