• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мурдагы комендант Орозалиев эми Бишкек шаардык милициясын жетектемей болду

25 Баш оона 2020 16:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүн буга чейин Канат Жумагазиев жетектеп келген. Бирок ал парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген соң, ордуна шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгонго чейин Алмазбек Орозалиев убактылуу дайындалган.

Ошол эле учурда ал министрдин орун басарлык кызматын дагы сактап турат.

Белгилей кетсек, Алмазбек Оразалиев өзгөчө абал режими учурунда Бишкек шаарынын коменданты болгон.

Количество просмотров: 91