• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коменданттык сааттын убактысы өзгөрдү

12 Тогуздун айы 2020 15:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө абал убагында Бишкек шаарына киргизилген коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин уланат.

«Коменданттык саат шаар турмушун иретке келтирүүгө салым кошуп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди эсепке албаганда бардык жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тийшелүү. Учурда Бишкек шаардык комендантынын атайын буйругу даярдалууда»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин өзгөчө абал 12-октябрь саат 20:00дөн 19-октябрь саат 07:00гө чейин деп белгиленип, коменданттык саат 21.00дөн 05.00гө чейин болчу.

Количество просмотров: 716