• Жума 27 Жетинин айы 2020

COVID-19: Түркияда коменданттык саат киргизилди

18 ноября 2020 в 10:24 Бишкек Govori.TV

Түркияда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн, дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилет. Мындай чечимди өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган жарыялаганын дүйнөлүк басылмалар жазды.

Ага ылайык, дем алыш күндөрү эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин элдин көчөгө чыгышына тыюу салынды.

“Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандардын күн сайын көчөгө чыгышына да чектөөлөр бар. Орто мектептерде билим берүү жыл аягына чейин дистанттык негизде улантылмай болду. Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Жыл аягына чейин өлкөдөгү бардык кинотеатрларды жабуу чечими кабыл алынган”,-деп айтылат маалыматта.

Соңку маалыматтар боюнча Түркияда жалпы 421 миң 413 адамдан коронавирус табылган.

Количество просмотров: 69