Бүгүн, 25-майдан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин айтылгандай, линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт.
«Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттай элек.