• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте коомдук транспорт, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү

3 Баш оона 2020 19:45 Бишкек Govori.TV

3-августтан тарта Бишкекте коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет. Бирок дем алыш күндөрү каттамга чыгышпайт.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайлар эртең мененки саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт.

Аянты 100 чарчы метрден көп болгон супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.

Борбордогу базарлар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Ошол эле учурда батут, велосипеддерди киреге берүү, тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат бериле электиги маалым болду.

Количество просмотров: 1936