• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү кийинкиге жылды

30 Кулжа 2022 17:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мэр Эмилбек Абдыкадыров тарабынан шаардыктардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

«Көптөгөн шаардыктар «Тулпар» карталарын сатып алууга үлгүрүшкөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, ошондой эле коомдук транспортко дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлганы бул чечимге да таасир эткен, аны кабыл алуу менен муниципалитет жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен электрондук төлөм системасын жакшыраак ишке киргизе алат.

Кошумчалай кетсек, ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбой тургандыгын билдирген.

Количество просмотров: 159