• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте коомдук транспорттун жол кире акысы көтөрүлөт

27 Бештин айы 202313:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтом долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сом болот.

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Теги:
Количество просмотров: 353