• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Муфтият коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

9 Жалган куран 2020 9:13 Бишкек Govori.TV

8-мартта Бишкек шаарында коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий сайтында жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, түлөө «Имам Сарахси» атындагы мечиттин кайрымдуу инсандары жана муфтият тарабынан уюштулулган. Ага муфтий Максатбек Токтомушев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин Маджитов жана аксакалдар катышты.

Муфтий өз сөзүндө түлөө элдин амандыгы, биримдиги, мамлекеттин тынчтыгы үчүн өткөрүлгөнүн айтты.

«Садака берүү ар кандай кырсыктан сактайт. Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшпөө керек. Мындай учурда каада-салтыбызда дагы, шариятыбызда дагы өлүмдөн сактап, илдетке шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен», — деди ал.

Түлөөгө 2 бодо мал союлган. «Анын эти карыларга, ата-энеси жок балдарга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Мындай түлөө өлкөнүн башка аймагында дагы улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 265