• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте короодо турган 2 унаа толук күйүп, өрт үйдү каптаган

17 Бирдин айы 202213:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалын жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдү каптап, от жагуучу бөлмөнүн 8 чарчы метр чатыры өрттөнүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 89