• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте кошумча стационарлар ачылат

28 Чын куран 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 27-апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

«Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык», — деди Новиков.

Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

Количество просмотров: 57