• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте курулуштун дубалы урап, 3 адам жабыркаган

27 Жалган куран 202216:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кетти.

Анын кесепетинен үч адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн түнү болгон. Курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 263