• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары жолукту

11 Тогуздун айы 2023 15:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келген беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен жолугушуу өткөрдү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-беларус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тууралуу сөз кылышты.

Тараптар саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн, транспорттук-логистикалык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун, ошондой эле өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маектештер өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда кыргыз-беларус мамилелерин кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 61