Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкармалыгынын Бишкек ШИИБ боюнча кызматкери кызматтык унаасын жөө адамдардын жолуна токтотуп салып эрежени бузган.
Эреже бузгандын сүрөтү «Аkipress» МА жарыяланган. Сүрөт ушул жылдын 31-октябрында тартылган. Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, милиционердин унаасы жөө адамдардын жолун бөгөп калган.
Ал ортодо КР ИИМдин ЖКККМБ сайтына милиционерге жазасын бердик деп билдиришти.
— Жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн Бишкек ШИИБ боюнча ЖКККМБ кызматкерине административдик протокол түзүлгөн, — деп маалымдашты мекемеден
Булак: Vesti.kg