• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Маршруттук унаалардын айдоочулары Өкмөттүн токтомуна нааразы

2 Чын куран 2018 8:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV
Бүгүн, Бишкек шаарындагы маршртутук каттамдардын айдоочулары иш таштоого чыгышты. мындай маалыматтарды Бишкектин тургундары социалдык тармактарга тынчсыздануу менен жазып жатышат. Алардын айтымына караганда, таң аткандан бери борбордун көчөлөрүндө маршрттук каттамдагы кичиавтобустар сейрек каттап, аялдамаларда аларды зарыгып күткөндөр арбын.

Бул боюнча,  Govori.TV сайты шаар бийлигине караштуу Транспорт бөлүмүнө байланышканда иш таштоо болуп жатканын тастыкташты. «Өкмөттүн жүргүнчү ташуучу унааларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча Токтому чыккан. Айдоочулар ушуга нааразычылыгын билдирип, иш ташташкан. Алдын-ала алар эскертүү жасашкан эмес, азыр кимдер мындай шаар тургундарына тоскоолдук жаратууну уюштурганын тактап жатабыз»,-деди бөлүмдүн кызматкери Тилек Жээнбаев.

 

Количество просмотров: 28