• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Бишкекте мас милиционер жол кырсыгына кабылды (видео)

7 Үчтүн айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.01.2018. Govori.TV.

Бишкекте 4-январь күнү болжол менен саат 15.00дө милиционердин катышкан жол кырсыгы катталды. Окуя болгон жерден тартылган видеону активист Болот Ибрагимов YouTube каналына жүктөгөн.

Аталган фактыны Ички иштер министрлиги да тастыктады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкеринин катышуусу менен Toyota Avensis жана Toyota Camry унаалары кагышкан видео интернетке тарагандан кийин дароо ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин баштаган. Милиционердин ким экени такталды. Ал Аламүдүн районунун тергөөчүсү болуп чыкты. Кырсык болгон учурда ал мас абалында болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Количество просмотров: 9