Бишкек шаарында мас абалдагы жигит тез жардам кызматында иштеген дарыгерге кол көтөргөн. Маалыматты 14-августта Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-июлда тез жардам экипажы кезектеги чакырууга барган. Алар 1994-жылы туулган жигитти Наркология борборуна жеткиришмек. Мас абалдагы жигит жаңжал чыгарып, медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, андан кийин дарыгерди бетке чапкан.
«Окуя сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмыш иш тергелип бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Бул факт Жазык кодексиндеги 145-берене (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.