Бишкекте мектеп окуучусун автобус сүзүп кетип, ал ооруканага түштү. Кырсык бүгүн, 3-мартта саат 14:10 чамасында борбор калаанын 12-кичи районунда болгон.
Окуянын күбөсүнүн айтымында, автобустун айдоочусу кызды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда сүзүп алган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматкерлери келип, баланы ооруканага алып кетишкен.
Кайгуул кызматы билдиргендей, кырсык болгон жерде жол инспекторлору иштеп жатат. Кыз болжол менен 13-14 жашта, анын өздүгү такталууда.