• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте «Мектеп рэкетчилиги» боюнча ата-энелер арызданышты

16 Бештин айы 2019 16:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 6-кичи районунда жайгашкан №56 мектептин окуучуларынын ата-энелери алардын балдарын жогорку класстын окуучулары опузалап, жума сайын акча талап кылып жатканын айтып, Kaktus.media сайтына кайрылышкан.

Алардын айтымында, мындай көйгөй 2018-жылы башталган. Буга чейин көптөгөн ата-энелер «Мектеп рэкетчилиги» боюнча укук коргоо органдарына, мектеп жетекчилигине арыз менен кайрылышкан.

Бүгүнкү күндө мектептеги акча талап кылуу схемасында 10-11-класстын окуучулары кийнки класстын окуучуларына 300-500 сомго чейин салык салып, урганга чейин барып жатышканын айтылат.

Ал эми аталган мектептин директору Чолпон Эшимбекова былтыркы жылы мындай көрүнүштөр болгонун тастыктап, окуучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, акча талап кылгандар каттоого алынганганын билдирген. Мындан сырткары, ал учурда «Мектептеги рэкетчилик» менен күрөшүү үчүн эки ай сайын окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалаган.

Ата-энелер болсо, «Мектеп рэкетчилиги» кадимки көрүнүшкө айланып баратканын, мунун артында чоң көйгөй жатканын белгилешет.

 

Количество просмотров: 186