• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте мектептер менен бала бакчаларды оңдоого тендер жарыяланды (тизме)

24 Бугу 2023 14:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы бир катар мектеп жана бала бакчаларды оңдоп-түзөө иштерине тендер жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объектилердин оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Тендер төмөнкү билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштерине жарыяланды.

  1. №2 орто мектептин ички жылытуу системасын оңдоо;
  2. № 9 мектеп гимназиясынын ички жылытуу системасын оңдоо;
  3. № 55 орто мектептин шифер чатырын оңдоо;
  4. №80 орто мектептин ички жылытуу системасын оңдоо;
  5. №72 мектеп гимназиясынын ички жылытуу системасын оңдоо;
  6. №28 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ички жылытуу системасын оңдоо»
    7.№53 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин инженердик тармактарын бүтүрүү иштерине алмаштыруу менен ванна бөлмөлөрүн оңдоо;
  7. Тышкы тосмону орнотуу;

Мэриядан белгилешкендей, сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.

Количество просмотров: 58