Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын короосунда турган окуучунун велосипедин белгилсиз жаран уурдап кеткен. Бул тууралуу соцтармактын колдонучуулары маалымдады.
Алар жайгаштырган видеодо белгисиз жаран короодо токтоп турган велосипеддердин арасынан бирин алып тээп кеткен. Кошумчалангандай, белгисиз жаран велосипед кармалып байланып турган тросту кесип кеткен.
Окуя боюнча арыз Биринчи май РИИБге жазылган.