• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкекте «Мерседес-Бенц Спринтер 313» менен скутер сүзүшүп, бир адам каза болду

6 Баш оона 202420:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Кайгуул кызматы Жибек жолу менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги жол кырсык боюнча маалымат берди.

«Бүгүн, 6-августта эртең мененки 9:00 чамасында «Мерседес-Бенц Спринтер 313» менен скутер сүзүшкөн. «Спринтерди» 1980-жылы туулган О.Б.А., ал эми скутерди 1998-жылы туулган С.А. башкарып бараткан.


Кырсыктын кесепетинен скутердин айдоочусу окуя болгон жерде тез жардам
кызматкерлери келгиче каза болду. Скутердин жүргүнчүсү — 2008-жылы туулган Т.А.
ооруканага жеткирилди.


Окуя боюнча керектүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат расмий
маалыматта.

Количество просмотров: 347