Бишкек.02.08.2019.Govori.TV.
Милиция кызматкери карыган аялдын колун толгоп, жолдон чыгарып жаткандагы видеону Sputnik Кыргызстан агенттиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя 31-июлда Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында кортеж өтөр маалда катталган.
«Коопсуздукту карап турган милиция кызматкерлери аялды жер алдындагы өтмөк аркылуу өтүүнү суранышкан, бирок ал жаалданып милиционердин бейджигин жулуп алган. Андан кийин аны жол четине алып чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин коё беришти», — деп айтылат маалыматта.