• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте мончолордун иши жанданды

29 Бугу 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте сауна, СПА-борборлору
жана мончолордун иштери жанданды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жайлардан
санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.

«Ага имаратты дезинфекциялоо, мекеменин администрациясы жана тейлөө кызматкерлери беткап, колкап менен иштөөсү зарыл. Ошондой эле ар бир кардарды антисептик, санитайзерлер менен камсыздоо керек»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошкон болчу.

Количество просмотров: 48