Бишкек шаарынын аймагында 14-августтан тарта «Мотоайдоочу» аталышындагы рейддик иш-чаралар жүрүүдө.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 1 күн ичинде 130дан ашык мототранспорттор айып короого киргизилди.
Белгиленгендей, учурда Бишкек шаарында ар кандай модификациядагы мототранспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурган, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизген, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жол-транспорт кырсыктары көп катталууда.
Буга байланыштуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо максатында рейддер уюштурулууда.
КР «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамында 24-берененин 4-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, автобустар, микроавтобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер , трициклдер жана квадроциклдер каттоого (кайра каттоого) жатат: