• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте Москва күндөрү уюштурулду

14 Аяк оона 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

12-14-сентябрь күндөрү Бишкекте Москва күндөрү уюштурулуп, экономика жаатындагы кызматташтык, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолууда.

Москвалык өнөр ээлери концерт жана спектакль менен келип, спорт мелдештери өтүп жатат. Эки борбор калаанын достук фестивалын Маскванын өкмөтү уюштурганын мэриядан кабарлашты.

Маданий программа үч күн бою уланат. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Bel Studio» пианист-виртуоздорунун жана “Турецкий cопраносу” арт тобунун заманбап классикалык музыкасы жаңырган концерти да болду. Москва куурчак театры москвалыктардын сүймөнчүгү болгон “Ханыша бака” спектаклин тартуулап, Москва менен Бишкектин достугун даңазалаган арт-объектилердин ачылышы пландалган.

Москва күндөрүнүн маданий бөлүгү 14-сентябрда классиканы жана жаз музыкасын даңазалаган Tengri Music фестивалы менен жыйынтыкталат.

Москва күндөрүн ири акция да коштойт, ал «Instagram» социалдык тармагында жарыяланып, Москва менен Бишкектеги чоң экрандарда да көрсөтүлөт. Эки баш калаанын жашоочулары кол кармашып, “Москва менен Бишкектин достук желесинин” виртуалдык образын сүрөттөшөт.

2020-жылы Москвада Бишкек күндөрү өтөт. Ал иш-чара «Кыргызстанда Орусия жылынын» жана «Орусияда Кыргызстан жылынын» алкагындагы программанын бир бөлүгү болот.

Количество просмотров: 52